Франция жана Германия Европа реформасынын үстүндө иштеп жатат

382
0

Франция жана Германия жашыруун түрдө “Европа реформасы” үстүндө иштеп жатканы жана бул реформа алкагында экономикалык кызматташтыкты күчөтүү көтүрүлүп  жатканы туурасындагы кабарлар таркады. Германия маалымат каражаттарынан орун алган кабарларда айтылышынча, Европанын бул эки мамлекети жашыруун реформалар үчүн даярдык көрүү менен бир катарда Еврозонада түптөн өзгөрүүлөрдү пайда кылуу каалоосунда ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Германиянын “Zeit” газетасы да Еврозонага мүчө мамлекеттер дагы да күчтүүрөөк саясат жүргүзүшү туурасында жазып чыкты.

Германия канцлери Ангела Маркел менен Франция президенти Франсуа Олланд тарабынан даярдалган реформа долбооруна маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, Европа союзуна мүчө болгон мамлекеттердин мезгилдик жолугушуулары, Еврозона жетекчилигинин жана ага байланыштуу болгон бөлүмдөрдүн дагы да күчтүү абалга келтирилиши, Еврозонага таандык түзүмдөрдүн Европарламенттен орун алышы ушулардын катарынан. Ушундай көрүнүштө демократиялык көзөмөл камсыздалышы пландаштырылууда.

Даярдалган бул план Еврозонага мүчө мамлекеттер үчүн байламта болушу шарт кылынууда. О.э. Еврозонага мүчө болууну каалаган мамлекеттер үчүн да өздөрүн бул планга ылайык түрдө даярдоосу шарт. Ушуга ылайык, Еврозонага мүчө болбогон Британия сыяктуу мамлекеттер Европа союзуна байланыштуулугун дагы да кеңейтип алышына мүмкүнчүлүк пайда болот.

Меркел жана Олланд тарабынан даярдалган үч барактан турган документте, Еврозонада ишке ашырыла турган экономикалык саясат Европа союзу комиссиясы тарабынан белгилениши айтылат. Ар жылы белгиленүүчү негизги сызыктар Еврозонага мүчө мамлекеттердин жетекчилери жолугушуучу жыйында тастыкталат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here